Меню
Эл-Сөздүк

Банковская тайна

БАНК СЫРЫ – жарандык укуктун өзгөчө институту. Банкка аны тейлөөдөн улам маалым болгон кардардын (корреспонденттин) эсептери (аманаттары) тууралуу маалыматтар, кардардын тапшыруусу же анын пайдасы үчүн ишке ашырылган аткарымдар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтар, ошондой эле кардардын өзү тууралуу маалыматтар, банктар ортосунда маалыматтарды алмашуунун натыйжасында белгилүү болгон башка банктардын кардарлары тууралуу маалыматтар жана банк менен кардардын ортосундагы мамилелердин жүрүшүндө банкка ишенип билдирилген же ага белгилүү болгон башка аргандай маалыматтар Б. с. болуп эсептелет. Тыюу салуу банктын мурдагы кардарларына да, мындай кардарлардан алынган баардык маалыматтарга да тийешелүү. Мындан тышкары, банкта эсеби бар же жок экендигине карабастан, тыюу салуу банк тарабынан кызмат көрсөтүлгөн баардык жактарга тийиштүү. Б. с-на кирген маалыматтар кардардын өзүнө же анын өкүлүнө гана берилет. Мамлекеттик органдар менен анын кызмат адамдарына мыйзамда каралган тартипте жана өзгөчө учурларда гана маалымат берилет.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Банковская тайна

Русский Кыргызский
Банковская система Банк тутуму
Коммерческая тайна Защита при взаимодействии хозяйствующих субъектов. Чарба жүргүзүүчү субъектилер өз ара аракеттенген учурда коммерциялык сырды сактоо.
Актив, обеспеченный соответствующими денежными потоками, которые генерируются в процессе деятельности должника, а также вторичными источниками (залог, поручительство, банковская гарантия). Карызгердин иш процессине тартылган тиешелүү акча агымы, ошондой эле экинчи каражат алуу булактары менен (күрөө, кепилдик, банктык гарантия) камсыздалган актив.
Я полагаю, что вы знаете, как банковская система, разработанная и как банки могли повысить качество услуг, оказываемых золота путем переноса as¬sets от одного человека к другому человеку в книгах банков. Банк тутуму кандайча иштелип чыккандыгын жана банктардын эсеп китепчелеринде бир адамдын активдерин экинчи адамга өткөрүп берип, алтындын негизинде көрсөтүлүүчү кызматтарды кандайча өркүндөтө ала тургандыгын жакшы эле билесиңер го деп ойлойм.
Перевод денежных средств, банковская операция, которая осуществляется банком путем принятия от физического лица наличных денежных средств в национальной или иностранной валюте и дальнейшей передачи указанному физическому лицу (получателю) в Кыргызской Республике или за ее пределами через систему денежных переводов. Акча каражаттарын которуу, улуттук же чет өлкө валюталарында нак акча каражаттарды жеке адамдан кабыл алуу жана Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары акча которуу системасы аркылуу көрсөтүлгөн жеке адамга (алуучуга) өткөрүп берүү жолу менен банк тарабынан жүзөгө ашырылган банктык операция
(Англ. discount – скидка) – 1) снижение (скидка) цены на товар вследствие несоответствия его качества условиям стандарта либо договора; 2) сумма, на которую номинал долговой ценной бумаги превышает ее текущую рыночную цену или цену, по которой она была первоначально размещена на рынке; 3) скидка с цены с учетом состояния рынка; 4) специальная банковская кредитная операция на основании учета банком ценной бумаги с расчетом процентов и расходов. (Англис тилинен discount – жеңилдик) – 1) Товар сапатынын стандарт шарттарына же келишим талаптарына ылайык келбешинен улам анын баасынын төмөндөшү; 2) карыздык баалуу кагаздын номиналы анын рыноктук баасынан же ал рынокко баштапкы жайгаштыруу баасынан ашкан сумма; 3) рыноктун абалын эске алуу менен баанын төмөндөтүлүшү; 4) пайыздарды жана чыгашаларды эсептөө менен банк тарабынан баалуу кагаздардын эсепке алынышынын негизинде ишке ашырылган банктык атайы кредиттик операция.
Банковская группа в Кыргызской Республике:
группа, состоящая из банка, лицензируемого Национальным банком, и его дочерних и/или зависимых компаний, а также их аффилированных лиц;
группа, состоящая из банковской холдинговой компании, созданной на территории Кыргызской Республики, одной из дочерних и/или зависимых компаний которой является банк, лицензируемый Национальным банком;
группа юридических лиц, занимающихся банковской и/или финансовой деятельностью, которая также включает банк, контроль над которыми осуществляет одно и то же юридическое или физическое лицо, единолично или совместно с другими лицами.
Кыргыз Республикасындагы банктык топ, бул:
Улуттук банктан лицензия алган банктан, анын туунду жана/же караштуу компанияларынан, ошондой эле алардын аффилирленген жактарынан турган топ;
Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банктык холдингдик компаниялардан, Улуттук банктан лицензияланган банк болуп саналган туунду жана/же караштуу компаниялардын биринен турган топ;
банкты кошо камтыган, банк жана/же финансылык ишкердикти жүргүзүшкөн юридикалык жактардын тобу. Бир эле юридикалык жак же жеке адам өз алдынча же башка жактар менен биргелешип аларга контролдукту жүзөгө ашырат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: